Ош облусунун аймагында туристтердин коопсуздугу катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик взводунун кызматкерлери тарабынан жайкы туристтик сезонго байланыштуу чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындай иш-чаралар Ноокат районунун Сахаба, Абшыр-Ата, Кара-Суу районунун Тураталы базарынын аймагында жана Чыйырчык жайлоосунда жана башка эс алуучу жайлар жайгашкан аймактарда жүргүзүлүүдө.