"Кундуз шаарын курчоого алышты". "Талибан" кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймагын басып алды

Ооганстандын Кундуз провинциясындагы Тажикстандын Хатлон облусунун Пянж району менен чектешкен Имам Сахиб аймагын "Талибан" кыймылы басып алды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы бул аймакты бир нече саат мурун басып алган. Эми согушкерлер Кундуз шаарын курчап жатканын жазышты тажик басылмалары. Учурда Кундуз шаарында абал курч. Азырынча жоготуулар жана жаракат алгандар тууралуу так маалымат жок.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда 1994-жылы пайда болгон. Бул кыймыл Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин жана Пакистандын түндүгүндөгү Вазиристан аймагын 2004-жылдан бери башкарып келген исламчыл кыймыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azat-123
2021-06-22 00:22:08
рахмондун сазайын ушулар берет окшойт
+11
oma16.02.95
2021-06-22 02:58:12
Таджиктерди басып алгыла эми
+9
kaisarbek
2021-06-22 03:08:03
Таджиктерди басып алгандан кийин биге келет
-4
Aijaw97
2021-06-22 07:17:12
Эээ Аллахым тынчылык болсун!!!Баткен эли Таджикистан менен чектешпиз бир демке башталып кетпесе болду!!!
+4
Nursul
2021-06-22 09:19:19
Кой андай дебегиле туугандар, Тажикстанга келген акмактар бизге келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Тажиктердин жазасын Аллах берсин. Исламчыл кыймыл деп койгондорун кара капыр маняк кылбаган ишти кылып атышат ко Исламдын балакетин алабы булар.
+6
Alixan-Nookat.2015
2021-06-22 10:31:19
Тажиктердин ошол чектеш районун басып алса экен.
+1
Alia82
2021-06-22 10:34:47
Ошон учун россия мн казакстан курал жарак берип аткан да тажиктерге, Кудай сактасын тажиктер тосуп турсун аларды бизге откозбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан