Бүгүн, 25-октябрдагы туризмди өнүктүрүү боюнча мекемелер аралык отурумда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Максат Чакиев "Кыргызстанда 2014-жылы "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" аттуу туристтик фестиваль өтөт" деп билдирди. Мындан сырткары фестивалдын алкагында боз үй тигилген этно-шаарды уюштуруу, концерттик программа, улуттук тамактардын жарманкеси жана илимий конференция өткөрүлөрүн кошумчалады. "Оюндар Олимпиадалык спорттун түрлөрү жана Улуттук болуп бөлүнүшөт. Алар эч жерде бириктирилген эмес. Биз бардык спорттун түрлөрүн бириктирип иш-чара уюштуралы деп жатабыз",- деди ал. Анын айтымында, 12 мамлекет, анын ичинде Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Ооганстан иш-чарага катышарын билдирген.