Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо 5-июлга белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июнга белгиленген Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо өткөн жок. Буга катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу болду. Эми кайра шайлоо 5-июлда саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт.