"Ар-намыс" фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов такталбаган маалымат тараткан журналисттерди Жогорку Кеңештин имаратына кирүү укугунан ажыратууну сунуштады. Айтымында, маалымат булактарынын бири Калматовдун фракция жыйындарын көп калтырганы үчүн, фракция депутаттын иштөө тартибин карай турганын жарыялады. Фракция лидери Феликс Кулов "мен жыйынга көп катышпаган депутаттын иштөө тартиби каралат дегенде Анарбек Калматовду айткан эмесмин. Бир дагы фамилияны атаган жокмун",- деди.
Калматовдун жалган маалымат тараткан журналисттерди аккредиттөөдөн ажыратуу сунушун фракциянын башка депутаттары да колдошту.