Биз социалдык тармакта

Депутат Атазов: "Кээ бир "сулуу чымчык" депутаттар, чиновниктер уурдаса, эмне үчүн карызды эл төлөшү керек?"

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде "Жол фондун түзүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Шайлообек Атазов: "Ушул фондду ачпай туруп иш жүргүзгөнгө күчү жетпей жатабы?" - деп сурады.

Министрлер кабинетинин өкүлү акча каражаты жетишпей жатканын айтты.

Атазов: "Финансы министрлигинде коррупция болуп жатса, акча каражаты жетишпейт да. Эмне үчүн кыргыз элин, Кыргыз мамлекетин күрөөгө коюп карызды алып жатышат? Эмне үчүн кээ бир "сулуу чымчык" депутаттар, министрлер кабинетинин өкүлдөрү уурдаса карызды эл төлөшү керек?" - деди.

Депутат Нурбек Алимбеков бул нерсени биринчи далилдеш керектигин айтты.

Атазов: "Транспорт министрлиги эмне үчүн фонд түзүп элди тоношу керек? Фонд - бул коррупциялык схема".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nur2021
2021-06-22 11:54:24
Ушу Атазовго окшогон 20 депутат жетет эле Кыргыз элине...
+5
Nursul
2021-06-22 12:19:07
Ушул депутат жакшы сүйлөп атат.
+7
patriot.kg94
2021-06-22 13:08:57
Активный болуп ататго молодец постоянно ушундай бол эми
-2
Asmat84
2021-06-22 14:20:54
Жүрөгүндө жалы бар жигит экен качан болбосун туура маселени көтөрүп келет. Бизге мына ушундай мыкты патриот жигиттер керек
+4
bekalife
2021-06-23 10:39:17
Бул мурда Ош шаардык кенеште депутат болгон ошондода орчундуу маселелерди которуп элдин ыраазычылыгында жашаган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан