Түштүк Африкада бир төрөгөндө 10 ымыркайды жарыкка алып келген келин психикалык ооруканага жаткырылды

Түштүк Африка Республикасында 37 жаштагы Госиаме Ситхоул аттуу аял бир төрөгөндө эле 10 ымыркайды жарыкка алып келгени кабарланган. Учурда ал психикалык ооруканага жаткырылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, келиндин жолдошу укук коргоочуларга кайрылган. Анда жубайы 10 бала төрөгөнүн жарыялагандан кийин эле дайынсыз болуп, байланышка чыкпай калган.

"Полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, тиешелүү кызматка өткөрүп берген. Анда 37 жаштагы келинге текшерүү жасалып, ал акыркы жылы кош бойлуу болбогону далилденген. Ал эми Госиаме Ситхоул төрөдүм деген ооруканадан дагы анын көз жарганын тастыктаган эмес. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен июнь айында республика боюнча бир дагы аял 10 бала төрөгөн факты катталбаганын белгилеген.

Мындан улам Госиаме Ситхоул Йоханнесбург ооруканасына жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Келиндин жактоочусу аны ооруканада мажбурлап кармап жаткандыгын жана ал сотко кайрылуу жасай тургандыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Gupa
2021-06-22 14:24:15
Ошондо 10 бала төрөгөн эмеспи?
+2
algakaray
2021-06-22 14:34:18
Тушуно албай кайра кайра окуп, акыры кайра деле жакшы тушунбодум.
+6
mirlan_86
2021-06-22 15:36:10
algakaray,супер инфого п.х.йда
+8
Pchelka85
2021-06-22 14:57:55
"Эмечи, эметип, анан эметишип анан эме, эметкенде эмеси эме деп короче эметишиптир" деген кабар болуптур)))))
+10
Baktikan
2021-06-22 16:09:51
Ichindegiler kim anan?
+1
Nursul
2021-06-22 20:03:33
Түшүнүксүз, тамака туз кошпой жасап койгондой эле болуп калыптыр.
+2
shankol88
2021-06-22 21:13:15
Туура..Мен түшүнбөдүүм десем түшүнүксүз жазылган окшойт...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан