Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министри: "Кыргыз өлкөсүндө COVID-19ду экинчи жолу кайталап жуктуруп алгандар катталууда"

Кыргыз өлкөсүндө COVID-19ду экинчи жолу кайталап жуктуруп алгандар катталууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бешеналиев SUPER.KG порталына билдирди.

"COVID-19ду кайрадан экинчи жолу жуктуруп алгандар бүгүнкү күндө катталууда. Себеби мен мурда белгилегендей, антитела 6 айдан 1 жылга чейин гана болот. Ошол себептен былтыр ооругандар быйыл кайрадан жуктуруп алып жатышат. Вакцина алгандар боюнча токтолсом, бардыгы пландагыдай өтүүдө. Бардыгыңыздарды вакцина алууга чакырабыз", - деди Бейшеналиев.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйында Бишкек шаарында коронавирус кайрадан жуккан учурлар болгон эмес, бирок эмдөөдөн кийин жуккан учурлар бар деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан