Биз социалдык тармакта

23-июнга карата кандай аба ырайы күтүлөт?

Эртең, 23-июнда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз + 26 … +31;

Талас облусунда түнкүсүн + 7 … +12, күндүз +24 … +29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 15… +20, күндүз +31 … +36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25;

Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12… +14, күндүз +29… +31 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан