Биз социалдык тармакта

Ошто УКМКнын кызматкеринин өлүмүнө шектелип кармалгандар СИЗОго которулду

УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкеринин өлүмүнө шектелип кармалган үч жаран СИЗОго которулду. Бул тууралуу Ош облусутук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, алардын баш коргоо чарасы кечээ, 21-июнда Ош шаардык сотунда каралган.

"Соттун чечими менен кылмышка шектелип кармалган Ош шаарынын 22 жаштагы үч тургунунун бирөөсү 2 айга, ал эми калган экөө 1 айга камакка алынды. Алар Ош шаарынын жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 СИЗОсуна киргизилди", - дешти облустук милициядан.

Окуянын чоо-жайы:

20-июнда саат 06:20 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери такси менен ооруканага 20-25 жаш чамасындагы белгисиз жарандын жансыз денеси келип түшкөнүн кабарлаган.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүп, анда жаракаттар бар экени байкалган. Каза болгон жаран 1997-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 22 жаштагы үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Көп өтпөй кол салуудан улам каза болгон жаран УКМКнын кызматкери экендиги белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Apyn8793
2021-06-22 21:45:37
Учоонун канын ичишет экен да эми УКМКнын кызматкерлери
+4
Jonisem
2021-06-22 22:28:12
Жөнөкөй жаран болгондо камата албай убара болмок
Буларды түз эле сизого камаптырго а
+1
Jonisem
2021-06-22 22:31:06
Бирок адам өмүрү кыйылып атат туура эле кылып атат камаш кк карапайым элдин да көз жашын агызбай камашса ганаааа
+1
alym21
2021-06-22 23:05:40
Сакемдерден окшойт суроттогу учоо
+1
Mr.altynbek
2021-06-23 01:18:48
УКМКда иштегенда жон журбосо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан