Биз социалдык тармакта

Жастин жана Хейли Бибер Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту

Америкалык ырчы Жастин Бибер жана жубайы Хейли Бибер Парижге барып, бир нече иш-чарага катышты. Алар президент Эммануэль Макрон менен жолугушууга да үлгүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы модель жана 27 жаштагы ырчы ушул тапта Париждин башкы каармандары болууда. Мода жумалыгына барган жубайлар күн ичинде бир нече жолу кийим алмаштырып, шаар тургундарынын көңүл чордонунда болушту.

Ошондой эле алар Эммануэль Макрон жана биринчи айым Брижит Макрон менен жолугушкан. Жолугушуу Елисей сарайында болгон. Жастин Бибер сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү менен жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгонун жазган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
O.dembele
2021-06-22 20:40:18
Жамбашын кармап турабы чота)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан