Кыргыз өлкөсүнүн 6 жараны Москва шаарында травматикалык тапанчадан ок атуу менен өз ара жаңжалдашып кетишти. Бул тууралуу полиция кызматына таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Москванын Ольховская көчөсүндө болжол менен алты адамдан турган Кыргыз жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анын жүрүшүндө жаңжалдын катышуучуларынын бири травматикалык тапанча менен жерге ок аткан. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.
Андан кийин алар унаага отуруп кетип калышкан. Полиция кызматы бул боюнча териштирүү ишин баштады.