22-июнда Москвада температура рекорду 1917-жылдан бери биринчи жолу жаңыланды

Кечээ, 22-июнда Орусиянын борбору Москва шаарында 1917-жылдан бери биринчи жолу абанын температурасынын рекорду жаңыланды. бул тууралуу Орусиянын Гидрометеорологиялык борборуна таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү түштө Москвада абанын температурасы +31,9 градуска жеткен. Бул акыркы 104 жылдан, тагыраагы 1917-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Буга чейинки рекорд 1917-жылы жаңыланган. Анда Москвада абанын теипературасы +31,8 градуска жеткен.

Синоптиктер Москвада абанын температурасы 28-июндан баштап төмөндөй тургандыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2021-06-23 12:29:21
34 болуп жатат го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан