Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралууда.
Шаардык соттун алдына Жээнбеков менен Зулпукаровдун 100дөй тарапташы топтолуп, алардын бошотулушун талап кылышууда.
2009-жылы Асылбек Жээнбековдун коомдук башталышындагы жардамчысы болгом деген Кубан Тажибаевдин айтымында, алардын камалышынын бирден бир себеби - бийликке ыңгайсыздык жаратып жатканы.
"Тандалма каралоо болуп жатат, болбосо ошол эле Акылбек Жапаров биринчи кезекте жоопко тартылышы керек эле. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров казинонун ачылышына каршы чыккан. Алар бийликке ушундай жол менен ыңгайсыздык жаратканы үчүн азыр камакта", - деди Тажибаев.