Украиналык блогер Александар Волошин көчөдөн биринчи жолуккан, өзүнүн аккаунтуна катталуучусу болгон кызга айфон белек кылган. Бирок камера өчүрүлөрү менен телефонду кайтарып берүүсүн талап кылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, телефондун ордуна блогер 2 миң гривен (6200 сом) берерин айткан. Кыздын апасы ага каршы чыкканда, блогер күч менен кыздын колунан телефонду тартып алган. Аялдын айтымында, кызы Волошиндин TikTok тиркемесиндеги роликтерин калтырбай көрүп, анын күйөрманы.
Аталган видео социалдык тармакка тараган соң блогердин көпчүлүк күйөрмандары аны сынга алган. Ал эми айрым колдонуучулар бул атайын уюштурулган "хайп" экенин жазып чыгышкан.