Быйыл Формула-1 стилиндеги электромобилдердин жаңы классынын арасында мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Жарышка катышуучу Alauda Airspeeder Mk3 электромобилинин биринчи сыноосу Австралиянын чөлүндө өттү. Анын жаратуучуларынын айтымында, электромобилдин ылдамдыгы саатына 250 чакырымга чейин жетип, айрым истребителдердин ылдамдыгынан жогору.
Сыноо учурунда мультикоптер аралыктан башкарылган. Пилотсуз режимдеги алгачкы мелдештер ийгиликтүү өтсө, анда абада жарыша турган адам Alauda Airspeeder Mk3 электромобильинде өзүнүн татыктуу ордун ээлейт. Коопсуздук жагынан алганда, жаңы унаалар жарыш учурунда бардык унааларда синхрондуу иштей турган лидарлар жана радарлар менен жабдылган", - деп жазылат маалыматта.
Alauda Airspeeder Mk3 электр кыймылдаткычтары литий-ион батареясы менен иштейт, ал учууга 15 мүнөткө чейин жетет. Алдыда 10 учуучу унаа катыша турган жарыштар 45 мүнөткө созулат. Ошентип бул электромобилдерди көзөмөлдөө үчүн бир нече көзөмөл бөлүмдөр керек болот. Инженерлердин айтымында, батарейканы алмаштыруу 20 секунддан ашпайт.
Жаңы класстагы электр унааларынын жарыштары ушул жылы өткөрүлөт. Так датасы азырынча белгисиз. Alauda Aeronautics компаниясынын негиздөөчүсү Мэттью Пирсондун айтымында, жарыш учуучу электр унааларын күнүмдүк жашоого киргизүүнү тездетүүнү гана көздөйт.