27-октябрда Ош шаарындагы борбордук стадиондо Оштун “Алай” жана Бишкектин “Дордой” футболдук командалары Кыргызстандын чемпиондугу үчүн оюн көрсөтүшөт. Оюндун жүрүшүнө 3 казак судьясы калыстык кылат. Учурда акыркы жыйынтык боюнча “Алай” командасынын эсебинде 40 упай, ал эми “Дордой” командасынын эсебинде 36 упай бар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.