Түркиянын улуттук жыйынынын имаратында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган көргөзмөнү ачууда Түркиянын вице-спикери Сурей Сади Бильгич катышып, эки өлкөнүн элдерин диний, тарыхый, тилдик жана маданий окшоштуктар тыгыз байланыштырып турарын айтты.
“Кыргыз бир туугандарыбыз ар дайым түрк элинин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлеп турат. Биздин өлкө көп жылдар бою эки элдин достугу үчүн арекет жасап келет. Биз Кыргыз мамлекети көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн баштап, азыр да кызматташууга даярбыз”, - деп билдирди.
Көргөзмө 30-июнга чейин уланмакчы.