Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.