Борбор калаанын айрым аймактарында газ жана ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин баш калаанын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Буга газ түтүгүндөгү эски жабдууларды оңдоп-түзөө жана алмаштыруу себеп.
Газ берүүнү токтотуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Садырбаев, Толстой, Ала-Арча, Миңжилкиев, Тыналиев, Масалиев, Жал-23.
Ошол себептен "Бишкек жылуулук" коммуналдык ишканасы төмөнкү даректерге ысык суу берүүнү токтотушу керек болот:
- Жал кичи району;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
- №5 мончо жана кир жуучу комплекс;
- №20 кесиптик лицейи;
- №94 кесиптик лицей;
- №91 кесиптик лицейи.
Борбор калаанын мэриясы жана "Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, абоненттерден тамак бышыруунун альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат", - деп жазылат маалыматта.