Биз социалдык тармакта

"Түркияга кетүү үчүн эжесинин паспортун колдонгон". Аэропортто башка документ менен Кыргыз жараны кармалды

Кечээ, 23-июнь күнү "Манас" аэропорт көзөмөл өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек-Стамбул каттамын каттоого алуу учурунда 42 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн жараны чек ара кезметинен 44 жаштагы башка жарандын паспортун көрсөткөн. Текшерүү учурунда паспорт көрсөткөн жаранга таандык эмес экендиги аныкталган.

"Андан маалымат алуу учурунда ал Түркияга учуп кетүү үчүн эжесинин паспортун колдонгондугун моюнуна алган. Ал буга чейин Түркиянын миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылганы белгилүү болду.

Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң кармалган жаран териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2021-06-25 00:13:18
Оой антип башка паспорт менен кеткендер толуп эле жатпайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан