Баткен облусунун Лейлек районунун Достук, Ак-Суу, Кулунду айылдарында жалпысынан 15 балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулхак Момунов билдирди.
“Жергиликтүү бийликтин ички резервдери кошумча болуп, айылдардагы пайдаланылбай калган имараттар кайрадан оңдолуп, бакчага айландырылган. Мындай демилгени жергиликтүү калк да колдоп, жумушчу күчүн ашар жолу менен өздөрү бүткөрүшкөн. ЮНИСЕФ болсо эмеректерди алып берди”, - дейт Абдулхак мырза.