Биз социалдык тармакта

"Коопсуз шаар" долбоорундагы айып пулдун суммасы качан азайтылары белгисиз

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитети "Коопсуз шаар" долбоорундагы айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин жактыргандыгы кабарланган. Анда айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскартылат. Башкача айтканда, айып пулдун өлчөмү 1000 сомдун ордуна 300 сомду түзөт. Бул мыйзам долбоору азыркы учурда Жогорку Кеңеште каралып жатканын жана канчага созулары белгисиз экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Коопсуз шаар" долбоорундагы айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгеси Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылган. Азыркы учурда демилге депутаттар тарабынан каралууда, демилге бекитилгенден кийин президентке кол коюуга жөнөтүлөт. Андан кийин күчүнө кирет. Кайсы убакытта даяр болуп, күчүнө кириши эл өкүлдөрүнө байланыштуу. Азырынча бизге белгисиз", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2021-06-25 17:12:50
Коопсуз шаар долбоору бул чооң ууру долбоор экенин бир канча жолу далилдешти. Бирок багы ага карабай иштеп жатат. Мыйзам бузуулары толтура экен. Анча мынча адамдарга иммунитет берилиптир.
+1
Asmat84
2021-06-27 20:30:29
Албетте белгисиз ал эч качан белгилүү болбойт да элди тонобосоңор чиновниктер ачка каласыңар да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан