Биз социалдык тармакта

Дайынсыз болуп изделүүдө. Чүйдө 35 жаштагы Зумрад Болотова үйүнөн чыккан бойдон кайрылып келген эмес

Чүйдүн Жайыл районунун 35 жаштагы Зумрад Болотова аттуу тургуну дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аял Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

"Анын бою 165 сантиметр, дене түзүлүшү орто, көздөрү күрөң. Акыркы ирет кызыл футболка жана ак шым кийип жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Милиция сүрөттөгү жаран тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 22-15-58, (03133) 3-51-84, 0709759169.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан