Чехияда катуу шамал катталып, 150дөй адам жабыркады

Чехияда катуу шамал болуп, табигый кырсыктын кесепетинен кеминде 150 адам жаракат алды. Көптөгөн турак жайлар жашоого жараксыз болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Табигый кырсык Чехиянын Түштүк Моравия аймагында катталган. Күтүлбөгөн мөндүрдөн жана бороондон кийин бир нече шаарда турак жайларды суу каптаган.

"Кырсыктан каза болгон адамдар бар, бирок азырынча алардын так санын билбейбиз. Адамдар кыйраган үйлөрдүн же суу астында калышты", - дешти жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү.

Учурда аталган аймакка өлкөнүн бардык аймактарынан жана коңшулаш Австриядан жардам жана кошумча күч тартылып жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан