Чүй облусунун Панфилов районунда 26 жаштагы Жеңишбек Касымбеков аттуу тургун дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Панфилов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын сентябрь айында Панфилов райондук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 1995-жылы туулган бөлөсү 14-сентябрь күнү аталган аймактагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.
"Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачтары кара түстө. Психикалык жактан жабыркайт", - деп билдиришти райондук милициядан.
Милициядан сүрөттөгү жаранды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерге кабарлап коюуну өтүнөт: +996 702 317 522.