Биз социалдык тармакта

Анжелина Жолинин бакма кызы Захарага операция жасалды

Голливуд актрисасы Анжелина Жолинин 16 жаштагы кызы Захарага операция жасалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, учурда актрисанын көңүлү бир жерде эмес.

"Эфиопиядан алып келип, багып алган кызым Захарага жакында операция жасалды. Медайымдар териси "кызгылт болуп калса" ооруканага кайрылыңыз деди. Мен мындай сөзгө таң калдым. Кара түстөгү териде болгон өзгөрүүлөр көзгө көрүнбөйт да", - деген Жоли.

46 жаштагы Анжелина Жоли алты баланы тарбиялап келет. Ал мурунку жолдошу Брэд Питтен үчөөнү төрөп, калган үчөөнү түгөйлөр багып алышкан. Жоли "Time" журналына берген маегинде ар кандай тектеги балдарды тарбиялоо жана буга байланыштуу туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан