Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн муфтийи болуп шайланган Замир Ракиевдин өмүр баяны

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды. Муфтийдин өмүр баяны:

Туулган жылы: 15.02.1978-жыл
Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Шамшы айылы. Улуту: Кыргыз
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

Билими:

1986-1995-жылдары орто мектепти аяктаган;
1995-1999-жылдары Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси;
1999-2000-жылдары Египет мамлекети, "Университетке даярдоо курсу";
2000-2003-жылдары Аль Азхар Ислам институту;
2003-2007-жылдары Аль Азхар Ислам университети, "Дин негиздери";
2008-2010-жылдары Бишкек гуманитардык университети "Чыгыш таануу - Магистр".

Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:

2007-2008-жылдары Чүй облусу, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде мугалим;
2008-2010-жылдары Чүй облусу, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде директор;
2010-2011-жылдары Нарын облусунун казысы;
2011-2016-жылдары Кыргыз мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары;
2016-2017-жылдары Кыргыз мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Samash-87
2021-06-26 13:23:36
Муфтийликти дагы түндүк түштүк деп бөлүп баштаптыр да.
+6
jaskaaa
2021-06-27 11:23:56
Samash-87,кайсы жеринде жазылыптыр бөлүүнү тууралуу
-1
Asmat84
2021-06-27 20:25:53
Samash-87, ооба ага далил катары. Бакай деген бакырчаак анан бир көзү шокурайган бир чал экөө Абдышукур ажы менен Максат ажы Токтомушевге асылып жатышты го
0
nazira...
2021-06-26 18:29:13
Жок буга чейин бүт түштүктөн болуп келди окшойт, түштүктө дин боюнча илими күчтүүлөр көп болчу да. Өмүр баянында көрүнүп турбайбы бул бала деле чекене эмес экен илимден. Ийгилик үкам иштеп бер эми бизге.
0
Sezimim...
2021-06-28 00:07:32
Болоор бала богунан деп, жаны муфтий чу дегенде эле бир жыл мугалим болуп иштеп, кийинки жылы директор... Эки жылдан кийин казы... Ийгилик, ак иштеп берсин эми эл учун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан