Биз социалдык тармакта

"Кумтөр" иши боюнча камакка алынган Асылбек Жээнбеков: "Менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат"

"Кумтөр" иши боюнча 2 айга камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков болуп жаткан иштер саясий күрөш экенин айтат. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазып чыкты.

"Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди мен саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдар бузулуп жатат.

Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. "Кумтөр" иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомго төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат. Баарыбыздын кылганыбызды Кудай таразалап коёт.

Өлкөдө жөнөкөй эмес социалдык-экономикалык абал орун алууда. Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек. Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт. Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек. Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык - бул мыйзамдуулук үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети”, - деп жазылат билдирүүдө.

Парламентини экс-спикери ага колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылык билдирерин кошумчалаган.

23-июнда Бишкек шаардык сотунда Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун өтүнүчү каралып, соттун жыйынтыгында ал абакта калтырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kuban-1207
2021-06-26 15:56:36
Карасан жеерин жеп алып актанып атканын
+10
Rifle_I
2021-06-26 16:01:25
Таптаза аппак болсо анда неге колунда бийлик турганда Кумтөрдү улутташтырууну колдоп же аракет кылган эмес. Жеп доля алганда баары кыйын, бай. Жооп берээрге келгенде ак тоок, оорукчан болуп чыга келишет.
+11
Rifle_I
2021-06-26 16:02:44
Анкарада 6млн эл жашайт экен. Бир чоң шаар бүтүн бир мамлекеттен жакшы жашайт экен. Бизде 6млн калкы бар мамлекетте депутат, мини депутат, анын жардамчысы, анын айдоочусу, алардын тааныштары бюджетти эмип жашайт.
+9
ainura220888
2021-06-26 16:17:45
Коп былжырабачы. Ошончо байлыкты не алтын балык бердиби сага. Баары эле ак. Документ боюнча менда балеринамын
+8
nazarnew
2021-06-26 16:42:25
Ушул мыркты конфискациялап туруп атып эле салгылачы, не деп галдаирап жатат, камалгын, тууганын президент болуп атканда жеп жеп алган нерселеринди эми кускун, эл эми баары бир сени колдобойт, сатылган шайкаларын гана колдобосо, түрмөдө чирип өлгүн кузгун десе.
+10
Ala.too.456
2021-06-26 17:30:05
Ой тобооо, кумтор боюнча эч эле куноолуулор чыкбай койдуго. Баарыле аппак. Озу куноо ошондо эле кочугунорго тепбеген биз элде куноо. Биз ушинтипле тан алабыз, силерге окшобой...
+5
leilekstan_1987
2021-06-26 20:34:52
Актанбай эле кой Сенин рожан эле айтып турат коррупционер арам тамак экенин
+5
Tursunbaev1978
2021-06-26 22:38:49
Мен түшүнбөдүм камакта жатып соцтармакка кантип жазды?
+2
Tursunbaev1978
2021-06-26 22:43:17
Ууру тойгончо уурдайт,өлгөнчө карганат,түрмөгө түшкөндөле ак болуп чыга келишет,өлүмүш болуп ооруп калышат.
+3
al-abu-kinesz
2021-06-27 12:55:12
Ушул киши боюнча бир дагы жакшы пикир укпадым. Кайсы колдоочуларын айтып атат? Продажный дежурлардыбы?
0
Mirnar
2021-06-27 22:47:08
Аппак болуп чыга келдиго.ушунча жыл мам.тик иште иштеген адам кантип байып кетти анда? Уятты деле унутуп, Кудай деген созду деле оюнчук кылып алган окшойт.
0
Omyke
2021-06-28 00:48:24
Макул Тазасын Тогуз Тородогу Макмал алтын комбинатына как Ушул ээлик кылып жургонун текшергиле журналистер.Комур саткан китайды ген директор кылып отургузуп койгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан