Эртең, 27-июнда жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдап, жекшемби күнгө карата күтүлүп жаткан аба ырайы менен тааныштырды.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33;
Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27;
Бишкекте түнкүсүн +14...+16°, күндүз +22... +24 болот.