УКМК кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чатак териштирилүүдө

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чатак боюнча кызматтык териштирүү дайындалды. Мушташка эмне себеп болгону айтыла элек.  

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-октябрда шаардын Түштүк магистраль көчөсүндө жаңы көпүрө ачылып, ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Иш-чара учурунда аймактагы коопсуздукту 9-башкармалыктын жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушту. Өлкө башчы кеткенден 10 мүнөт өтпөй тартип сакчылары ортосунда жаңжал чыгып кетти. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан