Биз социалдык тармакта

Ошто дарыяга түшүп кеткен Портердеги 2 адамдын жансыз денеси табылды. 4 жашар кызды издөө иштери улантылууда

24-июнда Оштогу Тар дарыясына Хёндай Портер унаасы түшүп кеткен. Анда 5 адам болуп, анын төртөө табылган. Бүгүнкү күндө 4 жашар кыз дагы деле дайынсыз болуп изделип жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Хёндай Портер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу) жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу кызды куткарып калган. Кийин 1984-жылы туулган М.Г. жана 1993-жылы туулган М.Э. аттуу аял кишилердин жансыз денелери табылган.
Учурда 2017-жылы туулган А.Ф. аттуу кыз дайынсыз болууда. Бүгүн издөө иш-чараларын улантуу үчүн 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 17:00дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. Издөө иштери эртең улантылат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Real98
2021-06-27 20:39:51
Кечиресиздер... Супер инфо Садыр Жапаров жөнүндө макала жазсаңар талкуу жабык деп коёсуңар, эмнеге? Бийликке өтүп кеттиңерби? Эл тарапта болгула!
+1
Baiaman997
2021-06-28 00:35:52
Real98,саясатты токтотпойлубу Эми, эмне иш кылса эле,талкуулап жамандаганда эмне пайда, талкууну жаап каяка жазсак экен деп жарылып кетейн деп жатсанда, сабыр кыл
+3
Real98
2021-06-28 03:27:31
Baiaman997,Элдин оюн угуш керек президент.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан