Женнифер Лопес менен актёр Бен Аффлек экинчи жолу баш кошууну пландашууда

Америкалык актриса жана ырчы Женнифер Лопес менен актёр Бен Аффлек экинчи жолу баш кошууну пландап жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алар ушул жылдын аягына чейин баш кошууну пландашууда.

"Түгөйлөрдүн жакындарынын айтымында, Аффлек Лопести экинчи жолу жоготуудан аябай корккондуктан, 2021-жылдын аягына чейин үйлөнүүнү пландап жатат. "Формалдуу түрдө жаңы мамиле бир нече апта гана болушу мүмкүн, бирок чындыгында алар өз мамилелерин көп жылдар мурун токтогон жеринен улантышат.

Сүйүшкөндөр бири-бири жөнүндө көптөн бери билишет. Ар биринин жакшы жактары да, жаман жактары дагы бар", - деп жазылат маалыматта.

Аффлек Лопеске ырчынын 52 жашында, тагыраагы 24-июлда баш кошууну сунуш кылат деп болжолдонууда.

Аффлек менен Лопес 2000-жылдары таанышкан, андан кийин актёр ырчыга үйлөнүүнү сунуш кылган. Бирок той болгон эмес, 2004-жылдын январь айында алардын мамилесинин бузулганы белгилүү болгон. Буга чейин алар Монтандагы тоо лыжа базасында чогуу эс алышканы маалымдалган. Апрель айында Лопес бейсбол оюнчусу Алекс Родригес менен мамилесин үзүп, январь айында Аффлек сүйүктүүсү актриса Ана де Армас менен ажырашып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан