Израиль жарандарына бир катар өлкөлөргө барууну сунуш кылбайт. Анын катарында Кыргыз өлкөсү бар

Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 27-июндан баштап Беларусь менен Кыргыз өлкөсүн коронавирус илдети күчөгөн өлкөлөрдүн катарына кошконун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Израиль жарандарына Беларусь менен Кыргыз өлкөсүнө барууну сунуш кылбайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин Уганда, Уругвай, Бириккен Араб Эмираттары, Сейшел аралдары, Эфиопия, Боливия, Намибия, Парагвай, Чили, Колумбия, Коста-Рика жана Тунисти ушул тизмеге киргизген. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, жакынкы аралыкта бул өлкөлөрдө абал оңолбосо, алар "эң жогорку тобокелдикке кирген өлкөлөрдүн тизмесине" киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан