Биз социалдык тармакта

Депутат Нышанов: "Парламентке чимкириктен баштап башка аттар да коюлду"

"Парламентке чимкириктен баштап башка аттар да коюлду", - деп бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

Бюджет жана финансы боюнча комитетте "Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма унаа жолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

"Парламентке талаптар коюлуп жатат. Чимкириктен баштап башка аттарга чейин айтышты. Эл шайлаган эле парламент отурат да. Анализ кылып көрсөңүз, парламентке чейин бизнес-долбоор болуп кетип жатат. Ошол маселени чечишибиз керек болуп жатат. Жалпы долбоорлордон улам бизге ар кандай аттар коюлуп жатат", - дейт Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurdan2018
2021-06-28 13:04:20
Силердин чыныгы жузунорду АША бетинерге эле айтып кеткен экен эл алдына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан