Тесла менен SpaceX'тин негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы өткөн жуманын аягында дээрлик 10 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу Forbes журналына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жуманын ичинде Маск Тесланын акцияларынын баасы 165 миллиард 900 миллион долларга көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу 9 миллиард 900 миң доллар тапкан.
Өткөн жуманын акырында Тесла акцияларынын наркы 7,8 пайызга жогорулаган. Басылма компаниянын баалуу кагаздарынын жигердүү өсүшүн жалпы рыноктук оптимизм менен байланыштырат.
Учурда планетанын эң бай адамдарынын рейтингинин биринчи сабын 177 миллиард доллар байлыгы менен Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээлеп турат. Маск экинчи орунду ээлеген. Алдыңкы үчтүктөн LVMH мода үйүнүн башчысы Бернар Арно орун алып, анын байлыгы 150 миллиард долларга бааланган.