Бишкекке Өзбекстандан алып келинген №71 каттамдагы автобус элди 10 сомдон ташууда. Бул тууралуу социалдык тармактарга колдонуучулар жазып чыгышты.
Бул боюнча шаардык мэрияга байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"№71 автобус каттамы Аламүдүн районуна карайт. Мэрияга тиешелүү №11, 12, 13, 14 автобустар 8 сомдон тейлөөдө", - дешти мэриядан.
Эскертек кетсек, 22-июнда Бишкекте коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин газ менен жүрүүчү 50 экологиялык автобустары линияга чыккан.