Бардык адамдары өлгөн чакан кеме Вест-Индиянын Теркс жана Кайкос Британ аралдарынын жанынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, учурда бийлик каза болгон адамдардын аты-жөнүн тактоо жана алардын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иш алып барууда.
Бул 20 адамдын сөөгү бар кемени аралдын жээгинен балыкчы байкаган. Ал адам өз кезегинде "арбак кемени" полицияга кабарлаган.
Укук коргоо органдарынын айтымында, кемедеги сөөктөр чирүү процессинде болгон. Полициянын өкүлү Такара Байндын айтымында, адамдар өлүм алдында зордук-зомбулукка дуушар болушкан эмес.