27-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарында карга айланышы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +1...+6°C, түнкүсүн 0...+5°C
Талас облусунда күндүз 0...+5°C, түнкүсүн -4...+1°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +4...+9°C, түнкүсүн +1...+6°C
Баткен облусунда күндүз +4...+9C, түнкүсүн 0...+5°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +4...+9°C, түнкүсүн 0...+5°C
Нарын облусунда күндүз +1...+6°C, түнкүсүн 0...-5°C
Бишкек шаарында күндүз +4...+6°C, түнкүсүн 0...+2°C
Борбор шаарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн.