Биз социалдык тармакта

Чүйдүн тургундары тарабынан тосулган Бишкек-Ош жолу ачылып, окуя боюнча териштирүү иштери башталды

Бүгүн, 28-июнда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында жергиликтүү тургундар унаа жолду тосуп алышкан. Учурда унаа жол ачылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тургундар тарап кетишкенин Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн саат 15:54 чамаларында Москва РИИБине Бишкек-Ош унаа жолун жергиликтүү жашоочулар тосуп алганы жөнүндө билдирүү түшкөн.
"Жерине ыкчам тергөө тобу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин унаа жол саат 16:05те ачылды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2021-06-28 20:26:32
Ооба туугандар дагы митингби
0
Kuban-1207
2021-06-28 20:56:23
Эмне себептен тосуп атат кокуй эл болдук го
+4
al-abu-kinesz
2021-06-28 23:39:23
Жол бузулат, кырсык кобуроок болот деген ой менен тосушса керек.
Андай талапты жол салып атканда айтыш керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан