Биз социалдык тармакта

Түркмөнстан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курууну пландоодо

Президент Садыр Жапаров 27-28-июнда Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнстанда болду. Анда эки өлкөнүн лидерлери бир катар документтерге кол коюшту.

Макулдашууда Түркмөнстан Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мейманкана курары дагы белгиленгенин экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өлкө башчынын Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

"Коңшу тарап Түркмөнстандын соода үйү үчүн имарат курууга даяр. Бул биздин өндүрүшчүлөр менен өнөр жайчыларга жакшы таасирин тийгизет деп ойлойм.

Ошондой эле Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалууда. Биздин делегацияны август айынын биринчи он күндүгүндө Түркмөнстанда ушул багыттагы долбоорлор кандай ишке ашып жаткандыгын көрүү үчүн чакырышты. Эгерде биздин делегация зарыл деп эсептесе, анда быйыл жыл бою иштей турган санаторийдин курулушу башталат", - деп билдирди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
algakaray
2021-06-28 22:50:10
Пайда озубуздо калгыдай иш кылгыла!
+7
Nursul
2021-06-28 23:11:14
Ар жерибизден ар мамлекетке кармата берип жакшынакай жерлерибиздин баары эле ар мамлекетке өтүп кетмей болду.
+7
ahun72
2021-06-29 07:02:41
Эми тажиктерге да бергиле.
+1
Kombi
2021-06-29 09:20:01
Бл... жакшы тосуп алса эле ме дедида. Ал Гурбангулуга керек эс алганы. Вечный калат анан. Казактарга, Орустарга, бердинер эми Озбек , Тажикка бергиле пид...тар
+1
nurik73
2021-06-29 09:48:50
жерди саттыбы ошондо
+1
Asmat84
2021-06-29 11:00:40
Авам каяка барса эле өзүбүзгө караганда өзгөгө пайда көбүрөөк алып келе турган иштерди жасай баштады окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан