Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Бишкек шаарында 29-июнга карата электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - Ак-Босого конушу (Чүй көч №56-60 турак үйлөр, Профессор Зима), Арча-Бешик (Шералиев көч, Көпүрө-Базар), Балбан-Таймаш, Ала-Тоо;
- Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - Бейшеналиева көчөсүнүн кесилиши, Махатма Ганди, Токтогул, Фучик, Исанов, Осипенко, Тюменск, Пржевальск, Осмонова, Каховск, Киев көч №48 үй, Эркиндик бульвары, Кемеровский тар көчөсү;
- Саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Рухий-Мурас жаңы конушу (Рухий-Мурас 1,2,3,4 көчөлөрү);
- Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - Орозбекова көчөсүнүн кесилиши, Фере, Боталиева, Скрябина, Медеров, Днепропетровская, Хивинская, Лермонтов, Акылбекова, Мусорской, Бийский тар көчөлөрү;
- 10-кичи району №25 үй 9:00дөн 17:00гө чейин.
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.