Биз социалдык тармакта

Депутат: "Эң көп каражат энергетика менен жолго кетти. Бирок экөө тең оңолгон жок"

"Эң көп каражат энергетика менен жолго кетти. Бирок экөө тең оңолгон жок", - деп Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык ɵнүктүрүү Кувейт фонду ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору жɵнүндɵ насыялык макулдашуунун долбоорун карашты.

Депутат Абдывахаб Нурбаев жолдун ар бир чакырымына канча каражат сарпталарын сурады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Нурланбек Кыянбаевдин маалыматы боюнча, 3-категориядагы жолдорду курууга 400-600, экинчи категорияга 1-1,5 миллион, жаңы жолдорду салууга 2 миллион доллардан көбүрөөк каражат кетет. Нурбаевдин пикири боюнча, бул өтө кымбат. Эки тармакка көп каражат кеткенин айтып, бирок оңдоо болбогонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-06-29 09:45:16
Жегендер чыгат текшерсе!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан