Биз социалдык тармакта

Милиция Бишкекте жансыз денеси табылган кишинин аты-жөнүн аныктоого көмөк сурайт (абайлаңыз сүрөт)

Бишкек шаарында апрель айында болжол менен 50-55 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган. Бүгүнкү күнгө чейин анын аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү Бейшеналиев менен Москва көчөсүнүн кесилишинен болжол менен жашы 50-55 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөндө зордук-зомбулуктун белгиси байкалган эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 180-185 сантиметр, арык чырай, чачы боз түстө. Үстүндө спорттук кийим, ак футболка, кара түстөгү шым, бутунда спорттук бут кийими бар.

Милициядан маркум жарандын аты-жөнүн аныктоого жардам сурашат: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (551) 088-330, 0 (553) 102-465 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан