ЖКнын депутаттары Улуттук гвардиядагы жоокерлердин жашоо шарты менен таанышышты

25-октябрда парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Батырбеков менен депутат Курмантай Абдиев Бишкектеги Улуттук гвардиянын жоокерлеринин жашоо шарты менен таанышып чыгышты.

Улуттук гвардияга жанаша курулуп жаткан жеке турак жайларга тынчсызданышты депутаттар. Анткени турак үйлөр Улуттук гвардиянын айланасында, курчап турган дубалдарга жанаша курулуп жатат. Гвардия жетекчисинин айтымында, бул курулуштар азыр бүткөрүлгөнү менен, келечекте ушул эле үйдүн жашоочулары өкмөткө арызданышы мүмкүн. “Себеби ар күнү таңга маал Улуттук гвардиянын жоокерлери ырдап, марш жасашат, ар кандай машыгуулар болот. Мындай учурларда бул үйлөрдүн жашоочуларына бир топ ыңгайсыздыктар жаралышы толук мүмкүн”,- деди Улуттук гвардиянын командири Асанбек Алымкожоев.

Депутаттар бул көйгөйдү парламент жыйындарында көтөрөрүн убадалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан