Биз социалдык тармакта

Абитуриенттер кайсы өлкөлөрдүн окуу жайларында бюджеттик негизде окуй алышат? Министрликтин жообу

Өз ара келишимдин негизинде чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга Кыргыз жарандары үчүн бюджеттик орундар бөлүнгөн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров кечээ, 28-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Министрдин орун басары билдиргендей, 2021-2022-жаңы окуу жылына төмөнкүдөй орундар бөлүнгөн:

Орусия - 375-400;

Казакстан - 50;

Кытай - 60;

Венгрия - 150;

Тажикстан - 50;

Түркия - 100;

Өзбекстан - 100.

Каттоо жыл сайын январь-февраль айында башталат. Абитуриент толук маалыматты министрликтин сайтынан алса болот. Ошондой эле кулактандыруу, жарыялар министрликтин социалдык тармактагы баракчаларында жайгаштырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан