Грузияда 27-октябрь күнү президенттик шайлоо өтүп, андан кийинки алгачкы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча “Грузия кыялы” партиясынын талапкери Георгий Маргвелашвили алдыга чыкты. Грузиялык маалымат булактарынын билдиришинче, Маргвелашвили шайлоочулардын 66,7 пайыз добушун алды. 2-орунда Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймылынан” талапкер болуп чыккан Давид Бакрадзе (20,1), 3-орунда “Бүтүн Грузия” демократиялык кыймылы” партиясынын өкүлү Нино Буржанадзе (7,5). Шайлоо көпчүлүк жерлерде оор өтүп, айрым жерлерде партия өкүлдөрү мушташууга чейин барганы айтылууда.
“Грузия кыялы” партиясынын борбордук штабы жеңишин белгилөөнү баштады. “Мен Грузия саясатынан Михаил Саакашвилиге орун бар экенин көргөн жокмун. Менимче, азыркы президент муну түшүнө элек окшойт”,- дейт аталган партиянын депутаты Давид Бердзенишвили. Талапкер Давид Бакрадзе жеңилгенин моюнга алып, Маргвелашвилини жеңиши менен куттуктады. Ал эми Буржанадзе сурамжылоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтууда.
Георгий Маргвелашвили:
1969-жылы 4-сентябрда Тблисиде төрөлгөн. Адистиги - философ. Философия илимдеринин доктору. Көп жылдар билим берүү тармагында иштеген.
2012-жылы парламенттик шайлоодо “Грузия кыялы” партиясы жеңишке жетишип, Маргвелашвили Грузиянын билим берүү министри болуп дайындалган.
2013-жылдын 7-февралында өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалат.
2013-жылы 11-майда “Грузия кыялы” Маргвелашвилини өлкө президенттигине талапкер экенин жарыялаган
2013-жылдын июлунда вице-премьер-министрликтен кеткен.