Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 1092 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.
Бишкек шаары - 602;
Ош шаары - 60;
Чүй облусу – 177;
Ош облусу - 47;
Талас облусу - 15;
Нарын облусу - 12;
Ысык-Көл облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 83;
Баткен облусу - 70.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 123 миң 38ге жетти.