Жогорку Кеңеш 31-октябрда өкмөттүн кышка даярдыгын талкуулайт

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 30-31-октябрдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.

30-октябрдагы жыйында өкмөт мүчөлөрү: вице-премьер-министр Токон Мамытов, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев салтанаттуу түрдө ант беришет. Бул күнү КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексине түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору каралмакчы.

Ал эми 31-октябрда Жогорку Кеңеш 2013-2014-жылдын күзгү-кышкы мезгилине карата калктын жана экономика тармактарынын даярдыгынын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат. Ошондой эле "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө", "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө", "Аскер кызматкерлеринин макамы жөнүндө" сыяктуу бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорлору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан