Кытай Марс планетасынын жаңы сүрөтүн жарыялады

Кытайдын улуттук космостук башкармасы "Чжучжун" космостук кемеси тарабынан тартылган Марс планетасынын жаңы сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ак-кара түстөгү сүрөттө Марстын пейзажы, ошондой эле кеменин дөңгөлөктөрүнүн издери чагылдырылган. Аппарат үч айлык миссиянын алкагында, кызыл планетанын бетин изилдейт. Кытай окумуштуулары "Чжучжун" Марстын геологиялык түзүлүшү, анын атмосферасы жана топурагы жөнүндө маанилүү маалыматтарды топтойт деп ишенишет. Ровер планетадагы жашоо белгилерин, анын ичинде жер астындагы суулар же муздардын бар же жогун изилдейт.

Буга чейин ушул жылдын 15-майында кытайлык "Тяньвэнь-1" космос кемеси "Чжучжун" ровери менен Марстын бетине ийгиликтүү конгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurda00
2021-06-30 06:24:17
А биз журобуз, митинг менен тойдон башыбыз чыкбай
+7
zhaynak
2021-06-30 09:08:06
nurda00, биздикилерди коросун, кытай марска той кана салыптыр десе, тойду откоруп келейин деп барат.
+12
Tursunbaev1978
2021-06-30 10:03:56
zhaynak,аны да кредитке өткөрөт
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан